Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Жапайы жаныбарларга камкордук

Жапайы жаныбарларга камкордук

16:18, 20 мар 2020 Общество 94 0 0 0
IMG

-Жаратылыш байлыгы болгон жан-жаныбарларды коргоо биздин эң башкы милдетибиз. Айрыкча  акыркы кезде катары суюлуп бараткан Кызыл китепке кирген жан-жаныбарларды коргоо башкы орунга коюлуп, аларга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга катуу чаралар көрүлөт. 102 гектар аянтты ээлеген аймактын Үрмарал, Каракоюн, Күмүштак мергенчилик зонасы тыкыр көзөмөлгө алынып, 30дан ашык фотокапкан орнотулуп, жапайы жан-жаныбарлардын орун которууларын аныктап турат. Кызыл китепке киргизилген илбирс, күрөң аюу, тоо теке, аркар, кулжа жана башка жаныбарларды коргоо кызматын көрсөтүп жатат. Биздин жамааттагы инспекторлордун саны чектелүү экенине карабай жаратылышка кол салган браконьерлер колго түшүрүлүп,  айып салынып жатат. Мындан тышкары  малчылардын малына зыян келтирген карышкыр-чөөлөрдү атууга 3 бригада түзүлүп, 200 чамалуу чөө, карышкырлар атылып, кабыл алуу жайларына тапшырылды, -деп билдирди Бакай-Ата аймактык мергенчилик коомунун инспектору Коргонбек Тыныбеков.

 Жаз келээри менен аталган жамааттын кызматкерлери бооз жан-жаныбарларга коргоо чараларын көрө башташты. Эң башкысы төлдөй турган жаныбарлар жайылган аймактардын тынч болуусу катуу көзөмөлгө алынды.

Ваша оценка:

Оставить комментарий