Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Ак халатчандарга мамлекет тарабынан кошумча айлык берилди

Ак халатчандарга мамлекет тарабынан кошумча айлык берилди

09:13, 24 июл 2020 Общество 83 0 0 0
IMG

Өлкөдө короновируска чалдыккандардын саны көбөйүп, оорунун очогунда иштеп жаткан ак халатчандардын өздөрүнүн өмүрүнө коркунуч жаратууда. Тобокелге баш байлап, ажал менен арбашкан ак халатчандардын эмгеги мамлекет тарабынан бааланып короновирус пандемиясы учурунда кызыл зонада иштеген медиктерге кошумча айлык акылар берилүүдө.

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы оорукананын жугуштуу оорууларды дарылоо бөлүмүндө иштеген жаш дарыгер  Самат Бакасов  июнь айында кызыл зонада иштеген врачтардын бири.

  • Врачтардын иштеши үчүн бөлүмдө баардык шарттар түзүлгөн, ошондуктан күнү түнү ушул бөлүмдөн чыкпай иштеп жаттык. Июнь айында кычкылтек концентраторлору бир аз жетишсиз болчу, учурда толук жетиштүү болду. Дары-дармектер, зарыл керектүү меджабдуулардын баары бар. Албетте, иш оңой эмес, кыйын кырдаалдарды баштан кечирип иштедик. Июнь айы үчүн мамлекет тарабынан берилген кошумча айлыкты алдым, врачтардын эмгегин баалаган өкмөтүбүзгө рахмат, -дейт Самат Бакасов.

 

Облустук ооруканада кызыл зонада иштегенде медайымдардын бири Гүлжамийла Акжолова 37 жылдык тажрыйбасы бар. Ал короновирус илдети менен ооругандарды дарылаган  топто күнү түнү иштеп 14 күн бою ооруканада болгонун айтат.

-8 саат тынымсыз бөлүмдө жүргөнгө туура келет, коргонуучу үч кабат кийим кийип жүрөбүз. Иш кыйын, бирок ушул кесипти тандап алгандан кийин элге жардам берүүгө милдеттүүбүз деп ойлойм, -дейт медайым эже.

Учурда июнь айында  кызыл зонада иштеген медиктерге кошумча акы төлөнүп берилүүдө.

Төлөмдөр ар бир кызматкердин ишине жараша төлөнөт. Дарыгерлер 40 000 миң сомдон, медайымдар 35000 сомдон төлөнүп берилди.

14 күн бою карантиндик казармада иштеген врачтар 46 миң, медайымдар 41 миң, кенже медкызматкерлер 38 миң сомго чейин алышууда. Ал эми үйүнө барып келип кызыл зонада иштеген медиктерге 29 миң сомго чейин төлөнүүдө.

Жалпысынан алган мамлекет тарабынан медицина кызматкерлери үчүн 8 миллион 900 миң сом кошумча акы төлөнүп берилди.

 

М.Сейдикеримова

Ваша оценка:

Оставить комментарий