Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество “Жакшыхандан” жардам

“Жакшыхандан” жардам

17:15, 24 июл 2020 Общество 64 0 0 1
IMG

Өлкөбүз оор пандемияны баштан кечирип жаткан маалда коомдук фонддор, бирикмелер, демилгелүү жаштар топтору жана жөн гана элге жардам бергиси келген кайрымдуу адамдар жигердүү алып барышууда.

 “Жакшыхан” коомдук фондунун жетекчиси Жакшыбек Турсуналиев  Талас районундагы  Көк-Ой айлындагы №6 кесипчилик лицейинде убактылуу ачылган күндүзгү стационарга  кычкылтек концентраторун коюп берди.

  • Талас шаарындагы ири соода борборлоруна кайрымдуулук кутучларын койгонбуз. Кайдыгер эмес адамдарыбз көп экен, соопчулукка деп, зарылгандарга пайдасы тийсин деген ниетте азбы, көппү акча ташташат. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей мына ошол элдин таштаган акчаларынын эсебинен Талас районунун борбору болгон Көк-ой айлындагы стационарга учурдагы  эң керектүү меджабдуу кычкылтек концентраторун алып бердик,-дейт  коомдук фонддун негиздөөчүсү Жакшыбек Турсуналиев.

 

Фонддун атынан коюлган кайрымдуулук кутучларын ачкан Жакшыбек Турсуналиев  3 даана концентратор сатып алды, анын бирөөсү Көк-Ой айлындагы стационарга берилсе, экинчиси Ош, үчүнчүсү Баткен облустарына жөнөтүлдү.

-Бул кайрымдуулук жасаган “Жакшыхан” фондусуна рахмат, себеби учурда кычкылтек концентраторлору эң керек болуп жаткан чагы. Көк-Ой айлындагы бул стационар күнү-түнү иштейт. кайрылган бейтаптардын саны дагы абдан көп. Керектүү дары-дармектердин баары бар. Келген бейтаптарга жардам көрсөтүп жатабыз, -деди  стационарда иштеп жаткан врач Умар Солтонбреков.

Учурда Таластагы ири соода борборлорунда кайрымдуулук кутучалары турат. Ал кутучалары эми 1 айдан кийин ачылат. Ага топтолгон каражатты Жакшыбек Турсуналиев калктын саламаттыгы үчүн эң зарыл болгон ишке жумшаарын айтат.

М.Кочкорбаев

 

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий