Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Миң-булак айлындагы ыктыярчы-студент

Миң-булак айлындагы ыктыярчы-студент

17:47, 24 июл 2020 Общество 91 0 0 1
IMG

 Бакай-Ата районундагы  Миң-Булак айлындагы №8 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу учурда айылдагы  короновирус илдетинин жеңил түрү менен ооруп тумоолоп жаткандарга, өпкө кагын илдетинин жеңил түрүнө чалдыккандарды дарылап таңкы саат 7.30дан кечки саат  6-7ге чейин иштеп жатышат. Күндүзгү стационарда иштеп жаткан  5 медайымдын  экөөсү ыктыярчылар. Ыктыярчылардын бири Талас шаарындагы медколледждин студенти  Асимкан кызы Жазгүл.

- Тажрыйба топтоюн, буга чейин алган билимимди пайдалуу ишке жумшап, элибиз кыйналып турган жардам берейин деп волонтёр болдум. Короновирус  жугуштуу оору, бул колдон, адам менен сүйлөшүүдө аба аркылуу жугат. Ошондуктан абдан дыкат болуу зарыл.  Бет кап тагынабыз, антисептиктерди колдонуп, коргонуучу кийимдерди кийип, күнүгө жаңыртып турабыз,- деди Жазгүл.

-Стационарда 10 керебет коюлган, ыңгайлуу шарттар түзүлдү, дары-дармек жетиштүү. Ар бир бейтапка тез жардам көрсөтүү максатында ишке эртең менен эрте келип, кеч кетебиз. Врач жок болгондуктан  райондогу же коңшулаш айылдагы врачтарга кайрылууга туура келет. Күнүгө 50-60тай бейтаптарды кабыл ала баштаганбыз, бир эки күндөн бери ооругандардын саны азайды. Врачтын  жазып берген дарыларын сайып, дене табын өлчөп, кан басымын, сатурациясын текшеребиз, -дейт  №8 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда көп жылдардан бери иштеп келаткан медайым  Гүлнара Өзүбекова.

- Танкы саат 7ден кечки 8ге чейин иштешет. Ооруп барып, дары алып сакайып чыккан бейтаптар арбын. Шарты жакшы, дары-дармеги бар. Биз медайымдарга абдан ыраазыбыз, -дейт айыл тургуну Зулайка Сатылбадиева.

Миң-Булак айлындагы стационарда  иштеген медайымдарга  чет өлкөлөрдө иштеген айылдык азамат уул-кыздар акчалай жардам беришип, айыл элинин саламаттыгын сактап, ооругандарды айыктырып жаткандарына ыраазычылык билдиришти.

М.Сейдикеримова

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий