Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Нуртилек Тобокеловго ардактуу атуулдан белек

Нуртилек Тобокеловго ардактуу атуулдан белек

20:03, 24 июл 2020 Общество 52 0 0 0
IMG

Талас шаарындагы “Сапат”  лицейинин бүтүрүүчүсү  Нуртилек Тобокелов  жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен “Алтын сертификатка” ээ болуп, Кыргызстандагы  ТОП-50 абитуриенттеринин катарына кирди. Ал жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 228  упай топтоого жетишкен.

“Алтын сертификатка” ээ болгон  Нуртилекке  “Талас облусунун ардактуу атуулу” Таалайбек Рысалиев ноутбук  белек кылды.

-Ата-энем менин билим алышыма шарт түзүп, 7-классты бүткөндө лицейге окутушкан. Алардын аракети, мага  болгон ишеними мени алдыга сүрөп,  лицейди  артыкчылык  аттестатты менен аяктадым, жалпы республикалык тестирлөөдөн   көп  балл топтоп “Алтын сертификатка” жетиштим, -дейт Нуртилек.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн Нуртилек Тобокелов  болочокто IT адис болгусу келет.   

М.Кочкорбаев

Ваша оценка:

Оставить комментарий