Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Каралбай калган оорукана калыбына келет

Каралбай калган оорукана калыбына келет

12:07, 27 июл 2020 Общество 83 0 2 1
IMG

Мамлекет башчысы  С.Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарында Талас районундагы Көк-ой айлындагы  кароосуз калган ооруканада болуп, бул оорукана кайрадан оңдолуп, элге кызмат кылышы керектигин айтты.

 Райондук биргелешкен оорукананын имараты 1986-жылы ишке берилип, 2006-жылы толук жабылган. Райондук ооруканадагы меджабдуулар, эмеректер Чат-базар айлындагы  К.Токтогулов атындагы биргелешкен ооруканасына, Ч.Мамбетов атындагы облустук ооруканаларга  берилип, бир кезде чоң медицина борбору болуп гүлдөп турган жай заматта жок болуп, аңгыраган эски имарат  бош калган.

-Учурунда бул чоң больница болчу, канчалаган оорулар ушул жерге кайрылып дарыланышкан. Талас шаарынан, жакынкы айылдардан бери медицина кызматкерлери келип иштешкен. 2006-жылы райондук оорукана Чат-Базарга көчүрүлөт деп ошондон бери бул жер иштебей калды, дейт Талас райондук медицина борборунун кызматкерлеринин бири  Жыргал Ашырбекова.

Көк-Ой айлындагы оорукана карйдан иштешсин деген маселени жергиликтүү эл, райондун тургундары дайыма  айтып келишкен. Бирок, бул суроого жооп табыла элек болчу. Президент келип ушул элдин көйгөйүн чечип берди. Дарыгерлер кубанып жатышат. 1986-жылы пайдалнууга берилген бул имараттын 50% жарамдуу, 50% авариялык абалда,-дейт  Талас райондук капиталдык курулуш компаниясынын башчысы  Улан Нуралиев.

Оорукананы кайра калыбына келтирип реконструкциялоо 47 миллиондук нарк менен тендер жарыяланды. Оорукананын эски имараты толук реконструкцияланып, жарыктандыруу, жылытуу системасы, эшик-айнектери толук жаңыртылат. 160 орундуу оорукана сентябрь айында кайрадан ишке берилет.

М.Сейдикеримова

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий