Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Жеке ишкер “Тез жардам” унааларын тапшырды

Жеке ишкер “Тез жардам” унааларын тапшырды

12:09, 27 июл 2020 Общество 69 0 0 0
IMG

Кара-Буура райондук  үй бүлөлүк медицина борборуна жана Аманбаев айыл аймагынын ооруканасына  жеке ишкер Темир Назарбековдон берилген “Тез жардам” унааларын ишкердин апасы Умсун Назарбекова тапшырып берди.

Заманбап, ичинде баардык медшаймандары бар, иштегенге ыңгайлуу  “Тез жардам” унаасын алган  медицина кызматкерлери аябай ыраазы болушту.

Бул ишкердин биринчи жардамы эмес, Кара-Буура райондук  үй бүлөлүк  медицина борборуна  ишкер тараптан  дагы бир “Тез жардам” унаасы карантин учурунда мобилдик группага берилген.

  • -Шартка жараша бизде эски бир “Тез жардам” унаасы бар эле. Темир байкебиздин жардамы менен 2 жаңы, заманбап “Тез жардам” автоунаалуу болдук, - дейт Кара-Буура райондук  үй бүлөлүк медицина борборунун  директору  Канатбек Акматбеков.
  • -Бул ишкер байкебиз мекенчил, кайрымдуу Кыргызстандын уулу катары 2015-жылдан бери жардам берип келет. Карантин башталгандан тарта районубуздун калкына жардам катары 1 миллион сомдук ун тараткан. Ооруканага 7 кычкылтек концентраторун, медициналык жабдууларды, коргонуучу кийимдерди, медиктерди жардамдарды берген. Айылдаштарын көйгөйүн чечип 2000 миң сомго трансформатор орнотуп кеткен. Айтор дайыма жардамга кол сунуп, ар тараптуу  көмөгүн көрсөтүп келет,- деди райондун акими   Баратбек Сыдыкназаров.

М.Кочкорбаев

 

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий