Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Күз-кыш мезгилине даярдыктар бир ай ичинде толук бүтүшү керек

Күз-кыш мезгилине даярдыктар бир ай ичинде толук бүтүшү керек

14:07, 28 июл 2020 Общество 142 0 1 1
IMG

Облустук штабдын жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу маселе  козголду.

Алдыда келаткан кыш мезгилине даярдыктар  бир ай ичинде толук бүтүшү керектиги штабда катуу эскертилип, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Учурда  айыл өкмөттөрү айылдагы ФАПтарды, үй бүлөлүк дарыгерлер топторун  кышкы көмүр отуну менен камсыздоо максатында тендер жарыялап, көмүр ташып келүүчү фирмалар менен келишимдер түзүлгөн. Айрым айыл аймактарында көмүрлөр кампаларга түшө баштады.

-ФАПтарда, айылдык үй бүлөлүк дарыгерлер топторунда, ооруканаларда, медицина борборлорунда, обсервацияларда жана күндүзгү дарылоо борборлорунда үзгүлтүк электр энергиясы болууга тийиш. Мындан тышкары кышка даярдык  100%га 1 ай ичинде толук бүтүшү керек. Терезе-айнектери жылууланып, электр түйүндөрү оңдолушу тыкыр көзөмөлгө алынсын,- деди облус жетекчисинин орун басары Канымет Осмонбеков.  

Быйылкы окуу жылы аралыктан билим берүү мнен башталат, бирок, ага карабай мектептердин, билим берүү мекемелеринин электр менен жылытуучу системалары кышка даярдалып, көмүр отундары түшүрүлүшү керек.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине көмүр баасын азыртан көзөмөлдөө жагы тапшырылды. Талас жылуулук ишканасына көмүр жана мазут ташып келүү иши дайындалды.

-Медицина кызматкерлери үчүн мыкты шарт түзүлүп, муктаж бейтаптарга дары дармектер жетиши керек, жең ичинен башка жакка кеткен фактылар катталса мыйзам алдында катуу чаралар көрүлөт,- деди штабда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.

М.Сейдикеримова

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий