Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Кореядан алынган үрөн түшүм бере баштады

Кореядан алынган үрөн түшүм бере баштады

09:49, 05 авг 2020 Общество 140 0 0 0
IMG

Талас районунун   А. Огомбаев айлындагы дыйкан Рыспай Изабаев быйыл Кореядан өнөктөштөрү аркылуу калемпир, бадыраңдын үрөнүн алып айдаган. Учурда дыйкандын чарбагында Кореядан келген үрөндөн өнгөн болгар калемпири, бадыраңдары өсүп, алгачкы түшүмдү бере баштады.

-Дыйканчылыкта изденген, аракет кылган адам утат. Ошондуктан бул  үрөндү кызыгуу менен эгип, бактым. Өнүмү жакшы болду. Калемпир  чоңоюп калды, эми кызарат, бадыраңды болсо  жыйнап ала баштадык,- дейт дыйкан.

Кореяда өскөн  мыкты сорттуу калемпир, бадыраңдар эл аралык стандартка жооп берсе, дыйкан менен эки тараптуу келишим түзүлүп, Жапон мамлекетине экспорттолот.

 Өнүмү жакшы, азыр жакшы

Кошумча каражат табуу максатында болгар калемпирин, бадыраңды эккен дыйкандын үй бүлөсү  3 гектар жерге төө буурчак да айдашкан. Негизги каражатты жыл сайын төө буурчактан табышат.

  • - Былтыр гектарынан эки жарым тоннадан айланган. Быйыл дагы жакшы багып жатабыз, жалбырагына витамин бердик, жер семирткич чачтык. Негизи буурчак айдала турган жерди  чөп айдап, эс алдырыш керек, -дейт Рыспай Изабаев.

Максат Кочкорбаев

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий