Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Ашар менен айылга суу келет

Ашар менен айылга суу келет

09:50, 05 авг 2020 Общество 55 0 0 1
IMG

Кара-Буурадагы Бакайыр айыл аймагында сугат суусу тартыш болгонуна көп жыл болду. Суу айылга Бакайыр тоосундагы мөңгүдөн келип түшөт, анан 4 километр жолду баскан суу араң дегенде  Ак-Башат, Кара-Сай айылдарына жетет. Жеткенче 1 куб сугат суудан кемип олтуруп 300-400 литр гана суу жетет. Сарымсак каналы айылдын төмөн жагында жайгашкандыктан  айылга каналдан суу алып өтүү да мүмкүн эмес. Ошондуктан жергиликтүү эл үлүш жерлерин   бир-эки жолу гана сугарууга үлгүрөт.

  • Тоодон айылга суу тарталы деген ой менен лотокторду коюп жатабыз, 1,5 миллон сом “Бакубат Талас” фондусунан берилди. Калганын демонтаж кылып эски лотокторду алып жатабыз, айыл эли акча чогултуп, колунда барлар жардам берип, ашар жолу менен эл өзү көтөрүлүп, суу маселесин чечели деп аракет кылып жаткан кезибиз, -дейт Ак-Башат айылынын башчысы Санжар Байышов.

Айылдыктар араң келген сугат суусун  10 күндөп кезекке туруп алышат. Суу кордугун тарткан айылдыктар ичүүчү суудан, жамгырдан чогултуп, эптеп чарбагына айдаган жашылча жемиштерин сугарышат.

- 20 сотых жерге жүгөрү, картошка,  жашылча айдагам. Суу жоктугунан жамгыр жааганда бочкага  жамгырдын суусун толтуруп, ошону куюп өстүрүп жатам. Суу жок, жер катып кетет. Ансыз да жерибиз таштак, бат катат, -дейт айыл тургуну  Захида Темиркулова.

Айыл башчысынын айтымында Ак-Башат, Кара-Сай  айылдарынын ички жолдору, көпүрөлөрү дагы ашар жолу менен оңдолот. Жабыла көтөргөн жүк жеңил дегендей, айылдыктар  быйыл жабыла ишке киришип, сугат суусунун келишине аракет кылышууда.

Мира Сейдикеримова

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий