Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Россиядан келген ак халатчандар жергиликтүү дарыгерлерге иш тажрыйбасын бөлүшөт

Россиядан келген ак халатчандар жергиликтүү дарыгерлерге иш тажрыйбасын бөлүшөт

08:58, 07 авг 2020 Общество 72 0 1 1
IMG

Россия Федерациясынын Башкорстонынан келген  7 дарыгер Талас облусундагы жергиликтүү ооруканаларда иштешип, таластык кесиптештерине иш тажрыйбаларын бөлүшүүдө.

 -Анестезиолог, пульмонолог, гемотолог, хирург жана  инфекционист врачтардын курамынан турган россиялык дарыгерлер Кыргызстандын калкына жардам берүүгө келдик. Максатыбыз калктын саламаттыгынын жакшырышына өз салымыбызды кошуу. Биз Талас облусунда 3-4 күн болгондон кийин, Кыргызстандын башка региондоруна жөнөйбүз, -дейт дарыгерлердин бири Булат Бакиров.

- Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн өзгөчө Россия Федерациясынан врачтар келишип, биздин дарыгерлерибизге жардам берип жатышат. Бул да болсо Россиянын Кыргызстанга болгон чоң  жардамы. Россиядан келген кесиптештерибиз  стационарларда кызыл зонада 3 күн иштеп, жергиликтүү врачтарга дарылоо ыкмаларынын жаңы методикалык үйрөтүшөт,- деди бул боюнча Талас облустук үй бүлөлүк медицина борборунун директору Айжамал Шамбетова.

Жергиликтүү ооруканаларда врачтардын жетишсиздиги  чоң көйгөй. Учурда Талас облусу боюнча 137 врач жетишпейт. Ошондой болсо да таластык дарыгерлер пандемия учурунда калктын саламаттыгына кам көрүүдө күнү-түнү кызматта болуп, врачтардын жетишсиздигин байкатпай оор абалдан чыгуу үчүн болгон күч аракетин жумшашты.

Мира Сейдикеримова

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий