Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Москвада иштеген жердештерибиз 2 миллиондон ашык жардам беришти

Москвада иштеген жердештерибиз 2 миллиондон ашык жардам беришти

08:59, 07 авг 2020 Общество 64 0 0 0
IMG

Облусубуздагы оор эпидемиологиялык оор кырдаалды жөнгө салууда мамлекеттик жардамдардан тышкары коомдук уюмдардын, кайрымдуулук фондуларынын, жаштар топторунун жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардын салымдары зор болду.

Россиянын борбору Москва шаарында иштеп жүргөн “Талас биримдиги” коому  Талас облусуна  2 миллион 680 миң  сомго дем алдыруучу аппараттарды, дары-дармектерди жөнөтүшкөн.

-Москвада иштеп жаткан  ага-инилерге, эже-карындаштарга чоң ыраазычылык билдирем. Кыйын кырдаалда четте жатып албай жапа тырмак баары жардам беришип, элибиздин саламаттыгына кам көрүштү, мындай колдоонун артында ийгилик болот. Талас элинин атынан терең ыраазычылык билдирем, -деди облус  жетекчиси Марат Мураталиев.

- “Талас биримдиги” коомуна карантинде жатканына карабай  Москвада иштеп жүргөн таластыктар өз салымын кошуп, тамак акы, маңдай тери менен тапкан акчаларын салып элибизге жардам берүүгө ашыгышты. 2 миллион 680 миң сомдон ашуун дары дармек, керектүү меджабдууларды  Талас облусундагы ар бир районго жөнөтүп жатабыз, -дейт “Талас коому” Надырбек Сооронбаев.

-Ар бир келген жардам өз дарегине жетип калк саламаттыгына кам көрүүгө жумшалды.

Сиздердин колдооңуздар 4,5 айдан бери бизге  дем күч берип жатат, дейт Талас облустук үй бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Айжамал Шамбетова.

Москвалык жердештер мал курмандыкка чалып, түлөө өткөрүп, эл-жерибизге аманчылык тилешти.

Мира Сейдикеримова

 

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий