Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество 160 орундуу оорукана 25-августта ишке берилет

160 орундуу оорукана 25-августта ишке берилет

09:00, 07 авг 2020 Общество 60 0 0 1
IMG

Талас районундагы 1986-жылы курулуп ишке берилген райондук оорукананын имараты 2005-жылы жабылып, ошол бойдон кароосуз калган.  Мамлекетибиздин президенти Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарында мамлекеттик бюджеттин эсебинен оорукананын оңдолушуна  акча каражаты бөлүнүп берилээрин, оорукана иштеши керектигин айткан.

Учурда бул оорукананы оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

-Бул оорукана имараты кароосуз калгандыктан электр түйүндөрү, сантехникалык жабдуулары таланып-тонолуп кеткен экен. Оорукананы  реконструкциялоо боюнча долбоор түзүлүп,  тез арада республикалык бюджеттен 47 миллиондон ашуун акча каралды. Учурда демонтаж иштери бүттү, электро монтаж иштери жасалууда, -деп маалымат берди Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын  өндүрүш техникалык бөлүмүнүн башчысы Саадакан Эсенбекова.

Ал эми Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын  жетекчисинин орун басары  Азамат Сартбаев:

-Имараты толугу менен реконструкциялоого 47 млн 300 миң акча керектелет. Учурда акчалар бөлүнүп, электр монтаж, чатырды алмаштыруу, сантехникалык жумуштары бүтүп жатат. Кыскасы, оорукананын дубалы эле калат, калганы толугу менен кайра жасалат. Ичи-тышы, жылытуу  системасы, канализациясы  коюлат. 200 метр кубдук котлован септиги да казылат. Беш камералуу 3 кабат айнектер салынат. Эң сапаттуу  курулуш жабдуулары колдонулат, -деди

Учурда  имараты реконструкциялоо ишине 70 киши тартылган. Имарат толугу менен оңдолуп, 160 орундуу жаркыраган жаңы оорукана 25-августта ишке берилет.

Мира Сейдикеримова

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий