Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Жашылчалар бышты, дыйкандардын мээнети акталабы?

Жашылчалар бышты, дыйкандардын мээнети акталабы?

12:04, 08 авг 2020 Общество 119 0 1 1
IMG

Манас районунун дыйкандары эккен жашылчалар бышып, түшүм бере баштады. Таш-Башат айылынын тургуну Алмазбек Биримкуловдун 1 гектар жерге тиккен  “Ласточка” сортундагы болгар калемпиринин алды быша баштады.

  • 10-15 күндө болгар калемпирлери толук бышат. Үйдү дагы ушул болгар клемпирин багып салгам, машинаны дагы ушул жашылча жемишти сатып жүрүп алгам. Мээнет кылсаң акыбети кайтат, болгар калемпирин кардарлар талаадан келип алып кетип жатышат, -дейт дыйкан.

Айтканындай эле дыйкан өстүргөн  болгар калемпири Россияда абдан бааланат, ал эми кеч күздөгү быша турган сортунан алынган түшүмдү тажиктер сатып алып кетишет.

Былтыр Биримкуловдун үй бүлөсү болгар калемпиринен 42 тонна түшүм жыйнаган. Быйыл дагы калемпирдин өсүшү жаман эмес.

 Ал эми анын жубайы  Гүлсина Биримкулова  20 сотых жерге тиккен 4 сорттуу помидорлор бышып калды.  Жылда Казакстандын Тараз шаарына барып помидорлорун өткөрүп келчү. Быйыл  чек ара жабык болуп,  Талас базарына 20 сомдон сатып жатышат.

Урукту дыйкандар өздөрү жыйнап алышат да, жаз алды менен  парник тигип, андан көчөт өндүрүп, анан жерге тигишет. Негизинен үй бүлө кирешени дыйканчылыктан табышат.

  • Манас району боюнча 2240 гектар жерге жашылча эгилген. Болгар калемпири, баклажан, помидорлорду дыйкандар сатууда. Бирок, быйылкы шартка жараша кардарлар аз болууда, - деп, маалымат бери өттү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы  Рүстөм Төрөгелдиев.

Максат Кочкорбаев

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий