Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Криминал Милициянын катары жаңы кызматкерлер менен толукталат

Милициянын катары жаңы кызматкерлер менен толукталат

10:39, 29 авг 2020 Криминал 52 0 1 0
IMG

Талас облустук  ички ишкер башкармалыгына 28 жаш кыз-жигиттер милиция катарына кызматка кирүү үчүн сынакка катышууга документ терин тапшырышкан.

-28 талапкер өздүк документтерин тапшырып, 21-августтагы  1-этаптагы  физикалык сынактан 4 талапкер өтпөй калган. 27-августта  сынактын экинчи этабында талапкерлер тестирлөөгө киришти. Үчүнчү этабында маектешүү болот, -деп билдирди   облустук ички иштер башкармалыгынын пресс катчысы Динара Сарногоева.

- Биздин бөлүмдө 600дөн ашуун кызматкерлер эмгектенет. Жумуштан которулуп кеткендер, пенсияга чыккандар болот. Ошондуктан жылда ваканттык орундар  болуп турат. Кеткен кызматкерлердин ордун толуктоо үчүн жаңы ыкмалар менен сынактар өткөрүлүп, укук коргоо кызматын өтөө жөнүндөгү мыйзамдын негизинде медициналык комиссиядан өткөн талапкерлерди  сынактардын негизинде кабыл алабыз,-деп билдирди Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков.

Сынакка катышкандардын бири Темир Темиркулов мурда ички иштер бөлүмүндө иштеген. Турмуш шартына байланыштуу ал жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Кайрадан милициянын катарында кызмат өтөөнү каалаган Темир  талапкерлер менен бирге тестке катышууда.

Мира Сейдикеримова

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий