Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Наука и учеба Окуучуларга дем берген “Окуу керемет” долбоору

Окуучуларга дем берген “Окуу керемет” долбоору

21:15, 15 апр 2021 Наука и учеба 132 0 6 0
IMG

Долбоор Кыргызстандагы башталгыч классынын  мугалимдерине сабакты кызыктуу кылып  өтүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган. Онлайн түрүндө болуп жаткан окутууга Талас облусунан  890 башталгыч классынын мугалимдери катышып , алган билимдерин, сабак өтүүдө колдонуп, натыйжасын көрүшүүдө.   Ар бир өтүлгөн сабак кызыктуу болгондуктан  окуучулар калтырбай, кунт коюп угушат.

  “Окуудан үйрөнгөн ыкмаларды күнүмдүк сабагыбызга  колдонуп жатабыз. Негизи билим башаты башталгыч классынан башталат да . Азыр балдар кадимкидей кызыгып, сабакка активдуу катыша баштады. Биз болгон билимибизди балдарга берүүго аракет кылып жатабыз” дейт  Талас районундагы Борош Жанузаков атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлзат Чегебаева

   Окуучуларга дем берген  “Окуу керемет” долбоору КРнын билим берүү жана илим министрлиги жана  ЮСАИД тарабынан ишке ашууда. Долбоордун башкы максаты башталгыч класста окуган окуучуларды китеп окууга кызыктыруу жана алардын  активдүүлүгүн кучөтүү.  “Окуу керемет” долбоору ушул жылдын Март айында башталган.

“Азыр балдарды эркин кое бериш керек. Өз оюн эркин айтууга көндүрүү зарыл.  Себеби, азыркы учурда балдардын китеп окууга болгон кызыгуусу азайып баратат.  Балдар телефон, интернетке  алаксып ,китеп окууга анчейин кызыкпай жатат.   Ошол үчүн  биз азыркы “Окуу керемет” долбоорунда  башталгыч класстын окуучуларын китеп окууга кызыктырууга аракет кылып жатабыз” дейт “Окуу керемет” долбоорунун тренери Рахат Анатаева.

  Белгилей кетсек,“Окуу керемет” долбоорунун мөөнөтү 4 жыл. Бул жылдар аралыгында өлкө аймагы боюнча окуучулардын математика жана окуу көндүмдөрүн жакшыртуу аракети көрүлөт.

Н.Курманбеков

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий