Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Общество Жөө күлүктөрдү сынаган турнир

Жөө күлүктөрдү сынаган турнир

21:17, 15 апр 2021 Общество 48 0 2 0
IMG

Республикалык мелдеш  Манас айылындагы көзү өтүп  кеткен белгилүү жөө күлүктөр- Өмүрбек Бейшеналиев, Каныбек Эрдешов жана Турдакун Жумашевдин жаркын элесине карата жылына Апрель айында өткөрүлөт. Аталган турнир быйыл 15- ирет болуп, жүздөн ашык өспүрүм катышты.

   “Мен бул турнирге 2-жолу катышып жатам. 2 километр аралыкка чуркап 1-орунду алдым. Чуркоо бул спорттун ханышасы. Баардык спортчуларга ийгилик каалайм. Утулгандар өкүнбөшү керек. Кайра эмкиде жеңишке жетем деп, даярданып өзүнө ишениши  керек” дейт Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан келген жөө күлүк Жусуп Шаршенов.

     Жөө күлүкторду  чыдамкайлыгын сынаган бул турнир алгачкы жылдары айыл ичинде гана өтүп келген.   Жылына катышуучулардын саны өсүп республикалык денгээлге которулду.

“Бул мелдештин бир артыкчылыгы ушул жерден старт алган көпчүлүк окуучуларыбыз  азыр Кыргызстандын курама командасына чуркап жүрүшөт. Мисалы, Мусулман Жоломанов, Кубаныч Шерматов , Адилет Кыштакбеков  жана башка жигиттерибиз Кыргызстандын намысын коргоп, мыкты жөө күлүктөрдүн катарында  чуркап жүрүшөт. Мен ойлойм бүгүнкү мелдештин жыйынтыгы менен дагы көптөгөн жаш таланттардын тушоосу кесилет.  Буйруса Таласта женил атлетика өнүгө берет” дейт Талас облустук жеңил атлетика федерациясынын вице-президенти Керимбек Өмүралиев

   Турнирдин шарты боюнча өспүрүм балдар-кыздар   жаш курактары боюнча 100 метрден 3 километрге чейин чуркашат жана эстафеталык жарыш түшүшөт. Жыйынтыгында мыктыларына атайын диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Н.Курманбеков

 

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий